Опубликовано
16.02.2024, 04:00Мигранттар үчүн өлкө аймагында тогуз маалымат күркөсү иштеп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен аэропортторунда, темир жол бекетинде, жарандарды ишке орноштуруу борборлорунда орнотулган.
Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.