Опубликовано
17.04.2023, 04:30Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болууну көздөгөндөрдүн саны 18ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-майда өтөт.
БШК шайлоонун жалпы сметасын дээрлик 19 миллион сом деп эсептеген.
Эске салсак, кайра шайлоо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон.