akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.07.2024, 04:13

    Жалал-Абаддагы "Курманбек" атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгында кеңдиги 80 сантиметрден 2 метрге чейин болгон сел канал курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

    Каналдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом бөлүнгөн. Каналды жергиликтүү жашоочулар курууда.

    Курулушчуларга Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында, Жапон өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Жумуш ордуна азык-түлүк” жардамдарын берүү боюнча долбоору аркылуу ар бир жаранга 6 мүшөк ун, 30 литрден май берилет.

    Эске салсак, 2024-жылдын апрель айындагы катуу жааган жаандын кесепетинен аталган аймактагы үйлөрдүн короосуна сел кирген.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 03:12:39
    • 07.08.2024, 21:36:29
    • 29.07.2024, 22:13:13
    • 29.07.2024, 03:45:59