22-апрелге карата республика боюнча мектептерге 52 миң 816 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо бөлүмү билдирди.
Алардын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
- Ош облусу – 10 миң 101 бала кабыл алынган, жалпы квота 35 миң 785 орун;
- Жалал-Абад облусу – 10 миң 109, жалпы квота – 34 миң 778;
- Чүй облусу – 7 миң 801, жалпы квота – 31 миң 474;
- Баткен облусу – 6 миң229, жалпы квота – 16 миң 190;
- Ысык-Көл облусу – 5 миң 91, жалпы квота – 13 миң 821;
- Нарын облусу – 3 миң 533, жалпы квота – 7 миң 741;
- Талас облусу – 2 миң 927, жалпы квота – 6 миң 957;
- Бишкек шаары – 5 миң 505, жалпы квота – 17 миң 908;
- Ош шаары – 1 миң 510, жалпы квота – 11 миң 233.