akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-15-10, 08:45

    Кыргызстанда биринчи санарип мектеп ачылат

    Кыргызстанда биринчи санарип мектеп ачылат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, онлайн мектеп жакынкы эки жума ичинде иштеп баштайт.

    Мында ар кандай себептер менен мектепке бара албаган балдар билим алат. Алсак, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, башка мамлекеттерде жашап жаткандар жана башкалар.

    Долбоор Каржы министрлиги тарабынан жактырылды. Учурда санарип мектепте аралыктан билим ала турган окуучулардын санын тактоо иштери жүрүүдө.


    Тектеш материалды окуу