Жарыяланган
2024-02-07, 03:50Каракол шаарында шаардык стадионду реконструкциялоо иштери башталды. Оңдоо иштерине 342 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
“Шаардык стадион Ысык-Көл облусунун спорттук жашоосунун борборуна айланып, спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 342 млн сомду түзөт, анын ичинде стенддердин астындагы жайларды оңдоо, бардык зарыл шарттары бар эки машыгуу аянтчасы, аймакты жашылдандыруу каралган”.