akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 03:50

    Каракол шаарында 342 млн сомго стадион оңдолот

    Каракол шаарында шаардык стадионду реконструкциялоо иштери башталды. Оңдоо иштерине 342 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

    Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

    “Шаардык стадион Ысык-Көл облусунун спорттук жашоосунун борборуна айланып, спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 342 млн сомду түзөт, анын ичинде стенддердин астындагы жайларды оңдоо, бардык зарыл шарттары бар эки машыгуу аянтчасы, аймакты жашылдандыруу каралган”.