Жарыяланган
2024-02-05, 03:45Караколдогу мал базар жабылууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 18-майдан тарта Валиханов көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан мал базар жабылып, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аймагына көчүрүлөт.