akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-04-08, 05:06

    Жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөр 28,1%га өстү

    Ушул жылдын жети айында Мамлекеттик салык кызматы 27 миллиард 819,6 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалым болгондой, январь-июль айларында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планы 2,5%га, же 679,6 млн сомго ашыкча аткарылган.

    2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 6 млрд 102,2 млн сомго же 28,1%га чогултулду.


    Тектеш материалды окуу