akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-31-05, 12:00

    Банктардын салыктык каттоосун текшерүү кызматы ишке кирди

    Мамлекеттик салык кызматы коммерциялык банктар үчүн салыктык каттоону текшерүү боюнча сервисти ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Бул кызматтын жардамы менен банктар чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн эсептешүү эсебин ачууда салыктык каттоо фактысын өз алдынча текшере алышат.

    Эми жарандарга банктагы эсептешүү эсебин ачуу үчүн зарыл болгон салыктык каттоосу тууралуу маалымкат алуу үчүн салык органдарына кайрылуунун кажети жок.

    Белгилеп кетсек, 1-июндан тартып кагаз жана электрондук түрдө эсептешүү эсебин ачуу үчүн каттоо фактысы жөнүндө маалымкаттарды берүү токтотулат.

     


    Тектеш материалды окуу