Жарыяланган
2024-24-07, 04:221-июлга карата жарандар Салык кызматына дээрлик 59 млрд сом карыз болгон. Бул тууралуу мекеменин биринчи жарым жылдык ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.
Анын ичинен 260,5 миң салык төлөөчү 58 млрд 877,3 млн сом карыз болгон.
“Бул мезгилде Салык кызматы тарабынан салык карыздарын өндүрүү иштеринин алкагында бюджетке 16 млрд 657,7 млн сом каралган”, - деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.