akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: DALL·E

    Жарыяланган

    2024-20-09, 09:29

    Кыргызстан 14 тышкы кредиторго болгон карызын кыскартты

    2024-жылдын башынан бери Кыргызстан 60 миллион доллардан ашык тышкы карызын кыскартты. Өлкө 14 эл аралык кредиторго, анын ичинде Эл аралык валюта фондуна жана Кытайдын Эксим банкына карыздын айрым бөлүгүн төлөгөн.

    Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, июль айынын акырына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 565,37 миллион долларга бааланган. Бул быйылкы жылдын январь айына салыштырмалуу 61,66 млн долларга аз. Жыл башында ал 4 миллиард 627,07 миллион долларды түзгөн.

    Тышкы карыздын азайышынын себеби бир эле учурда 14 кредиторго карыздын кыскарышына байланыштуу. Атап айтканда, мамлекет ЭВФке эң көп - 49,53 млн доллар жана Кытайдын Экспорт-импорт банкына - 26,87 млн доллар төлөгөн.

    Ошондой эле, карыз Жапон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA), түрк өкмөтүнө, Абу-Даби өнүктүрүү фондуна ж.б. жарым-жартылай төлөнгөн.

    Жалпысынан, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча январь-июль айларында тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен иш жүзүндө 20 миллиард 381,1 миллион сом сарпталган, анын 16,4 миллиарды карыздын негизги суммасын жабууга кеткен. Эгерде кредиторлордун алдындагы карыздын өзгөрүшүн эсептей турган болсок, анда январь айынын аягынан июлдун аягына чейин алардын алдындагы жалпы милдеттенмелер 101,2 млн долларга же Улуттук банктын 31-июлга карата курсу боюнча 8,5 миллиард сомго азайган. 

    Ошол эле учурда, жалпы тышкы карыздын реалдуу кыскарышынын көлөмү андан да төмөн болуп чыкты. Мунун себеби Кыргызстан дагы тогуз кредитордун алдындагы өз милдеттенмелерин 39,54 миллион долларга көбөйткөн. Мындан улам карыздын кыскарышы анын суммасын азайткан жок. Эң көп суммадагы жаңы кредиттер Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк банк тобу) жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынан – тиешелүүлүгүнө жараша 11,94 миллион доллар жана 9,71 миллион доллардан алынган. 

    Жалпы мамлекеттик карызды карасак – тышкы жана ички карыз азайгандын ордуна көбөйгөн. Июль айынын аягында ал 6 миллиард 542,42 миллион долларга жетип, быйылкы жылдын январь айынын акырына салыштырмалуу 271,92 миллион долларга көп. 
    Бул акыркы жылдары өлкөдө ички карыз алуунун жигердүү өсүп жаткандыгына байланыштуу. Июль айынын аягында Кыргызстандын ички карызы дээрлик 2 миллиард долларга (1 миллиард 977,05 миллион доллар) жеткен. Быйыл жыл башында 1 миллиард 643,44 миллион долларды түздү, башкача айтканда, орточо эсеп менен ай сайын 55,6 миллион долларга өсүүдө.

    Мамлекеттик ички карыздын басымдуу бөлүгү, 1 миллиард 947,96 миллион доллар эки жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө чыгарылган казыналык милдеттенмелер болуп саналат. Өлкөнүн 12 ай жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына векселдеринде 28,16 миллион доллар өлчөмүндө калган милдеттенмелери бар.

    2024-жылы эле Каржы министрлиги ички карызды тейлөөгө 10 миллиард 696,3 миллион сом бөлгөн. Анын үстүнө Кыргызстан негизги сумманы төлөөгө караганда ал боюнча үстөккө көбүрөөк төлөйт. Жети айда министрлик 4 миллиард 699,9 миллион сомдук негизги ички карызды төлөп, 5 миллиард 996,4 миллион сомдук пайыздарды төлөгөн.

    Ички карызды көбөйтүү менен республика валюталык тобокелдикти азайтуу сыяктуу бир нече көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда. Өлкөнүн тышкы карыздарынын болжол менен 80% АКШ долларында көрсөтүлгөндүктөн, Кыргызстан мындай милдеттенмелерди төлөө үчүн АКШ валютасынын наркына көз каранды. Доллардын курсу сомго карата көтөрүлсө, карыз кымбаттайт. Мындан тышкары, тышкы карыз дээрлик дайыма шарттар болуп саналат. Ички карыз менен мамлекет дагы да көз карандысыз болот. Акыр-аягы, бул мамлекеттик карызды диверсификациялоо.

    Бирок, бардыгы эле карыз алуунун ички үлүшүн көбөйтүү идеясын колдобойт. Мунун негизги себеби, ички карыз кыйла кымбат. Атап айтканда, блигациялар боюнча жылдык пайыз 14-16% жана векселдер боюнча 12-13%. Бул АКШ долларынын наркынын төмөндөшүнүн фонунда өзгөчө пайдасыз көрүнөт (2024-жылдын башынан бери 5,9%). 

     


    Тектеш материалды окуу

    • Чет өлкөдөн Кыргызстанга азыраак акча которулду. Мунун себеби эмне?
      Сентябрь айында Кыргызстанга жеке адамдар 284,8 миллион доллар которгон, бул мурунку айга салыштырмалуу азыраак. Акча которуунун кыскарышы бир катар кыргызстандык банктардын Орусиянын ири банктарынан акча которууларды токтотуу чечимине туш келди.
      2024-11-11 09:00:49
    • Бишкек Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору аталды
      Бүгүн Кыргызстанда Түрк мамлекеттери уюмунун 11-саммити өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын өлкө башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Венгрия, Түркмөнстан жана жарым-жартылай таанылган Түндүк Кипрдин лидерлери катышты. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыйындын катышуучуларын куттуктап, түрк коомчулугунда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
      2024-06-11 09:40:09
    • Түркия Кыргызстандын жашыл долбоорлор үчүн мамлекеттик карызын кечкен биринчи өлкө болду
      Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркияга болгон 58,9 миллион доллар тышкы карызын кечүү чечимин кабыл алды.
      2024-05-11 11:58:09
    • Бишкектин чет жакасында «Манас» шаары курулуп, анда соода-логистикалык борбор салынат
      Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык жылдан жылга чыңдалууда, муну мамлекеттер ортосунда, атап айтканда, акыркы бир жылда түзүлгөн көптөгөн келишимдер далилдеп турат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору эксперттердин жана кызыкдар тараптардын көңүлүн бурууда, бирок бул жалгыз масштабдуу долбоор эмес.
      2024-18-10 07:35:38