akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-17-09, 09:50

    Финансы министрлиги бюджеттин кирешеси жылына 43 млрд сомго көбөйөрүн болжолдоодо

    Каржы министрлиги 2027-жылга чейин бюджеттин кирешесинин өсүү болжолун сунуштады. Тиешелүү маалымат 2025-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун алкагында жарыяланды.

    Документте республикалык бюджеттин кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен келерки жылы 428 миллиард 780,6 миллион сом, же ички дүң продукциянын 26,4% өлчөмүндө каралганы айтылат.

    Каржы министрлигинин болжолу боюнча, 2024-жылга салыштырмалуу казынанын кирешеси 42 миллиард 795 миллион сомго, 2026-жылы дагы 37 миллиард 373,1 миллионго, 2027-жылы дагы 48 миллиард 140,2 миллион сомго чейин көбөйөт. 

    Муну менен катар, 2025-2027-жылдары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелер негизги орунду ээлейт. Алардын үлүшү 85,4% - 88,1% чегинде болот. 

    2025-жылы Финансы министрлиги 359,8 миллиард сом, 2026-жылы 398,7 миллиард сом, 2027-жылы 446,3 миллиард сом салык түшөрүн болжолдоодо. 

    Ошол эле учурда, ички дүң продукцияга салыктык түшүүлөрдүн жыл сайын көбөйүшүнө карабастан, алар болжол менен бирдей деңгээлде, 2025-2026-жылдары 22% жана 2027-жылы 21,7% болот.

    Салыктык эмес кирешелерге келсек, алардын ИДПга карата эң жогорку катышы келерки жылы – 3%ды же 47,9 млрд сом, 2026-жылы – ИДПнын 2,7% же 49,5 млрд сом, 2027-жылы – ИДПга карата 2,6% же 53,7 млрд сомду түзөрү күтүлүүдө.

    Кошумчалай кетсек, ички казына үчүн негизги салык бул кошумча нарк салыгы. 2025-жылы республикалык бюджетке бардык салыктык түшүүлөрдүн 51%дан ашыгын жабуу күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу