Жарыяланган
2025-06-01, 09:202024-жылы Кыргызстан бир нече ири жана олуттуу долбоорлорду ишке ашырды. “Акчабар” экономикага, инфраструктурага жана коомдук турмушка таасирин тийгизген эң көп талкууланган демилгелерди топтоду. Бул долбоорлор өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктирген темир жолдун курулушу боюнча расмий иш 2024-жылдын 27-декабрында башталган. 25 жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып келген бул көптөн күткөн долбоор өкмөттөр менен темир жол компанияларынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюунун натыйжасында жигердүү ишке ашууда.
Узундугу 486 км болгон темир жол үч өлкөнү бириктирип, соода жана жүк ташуу үчүн стратегиялык транспорттук коридор болот. Жалпы 486 чакырымдын 312 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт, анда 18 темир жол бекети, 81 көпүрө жана 41 тоннел курулат. Долбоор трассанын эки түрүн колдонууну камтыйт: кытай стандартынын туурасы 1435 мм жана орус/өзбек стандарты 1520 мм.
Долбоорду ишке ашса Орусия менен Казакстанга көз карандылык азайып, Европага, Перс булуңунун өлкөлөрүнө жана Түркияга товарларды экспорттоо жана транзиттин жаңы жолу камсыздалат. Курулуштун жалпы баасы Кытайдын (51%), Кыргызстан жана Өзбекстандын (ар бири 24,5%) каржылоосу менен 4,7 млрд долларга бааланган.
2024-жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жаңы “Бедел” өткөрмө бекети ачылды. Бул долбоор эки өлкөнүн башчыларынын макулдашууларынын жыйынтыгы. Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
“Бедел” “Эркечтам” жана “Торугарт” бекеттери менен бирге эки өлкө ортосундагы үчүнчү ири транспорттук коридор болуп калат. Жакынкы жылдары бардык зарыл болгон инфраструктураны, анын ичинде жолдорду, көпүрөлөрдү жана бажы объекттерин куруу аяктайт.
Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоору Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуудагы маанилүү долбоор. Кубаттуулугу 1860 МВт жана жылдык орточо өндүрүшү 5,6 млрд кВт/саат болгон бул эң ири энергетикалык инфраструктура өлкөнү туруктуу энергия менен камсыз кылат. Буга кошумча, аталган ГЭС электр энергиясын коңшу мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми бул өлкөгө кошумча киреше алып келет.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Казакстан жана Өзбекстан менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. 2024-жылдын 24-декабрында Отун-энергетика комплекси комитети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Макулдашуунун алкагында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого техникалык жардам көрсөтүлөт жана каржылоо 13,6 миллион долларды түзөт, анын 11 миллион доллары насыя түрүндө, 2,6 миллион доллары грант болуп эсептелет.
Белгилеп кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоого катышууга даяр экенин тастыктады.
Chevrolet жана Daewoo унааларын жана Isuzu коммерциялык унааларын чогулта турган заводдун биринчи этапта жылына 10 миң унаа чыгаруу (чогултуу) кубаттуулугу болот, келечекте бул көрсөткүчтү 30 миң даанага жеткирүү пландалууда.
Долбоор өндүрүштү өнүктүрүү, анын ичинде 19 автоунаа моделин чыгарууну (чогултуу) камтыйт. Завод ички рынокко да, экспортко да багытталган. Биргелешкен өндүрүш эки өлкөнүн экономикалык интеграциясынын маанилүү этабы болуп саналат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 50 миллион долларды түзөт.
Логистикалык борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан 2 миллион доллардан ашык амбициялуу долбоор. Бул борбор аймактагы соода жана логистиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү. Ага заманбап кампалар (анын ичинде Кытайдын Temu маркетплейси), соода-көргөзмө жана жүк терминалдары, ошондой эле ресторан жана май куюучу станциялар кирет. Борбордун өзгөчөлүгү - анын эркин экономикалык жана бажы аймагы статусу, бул резиденттер үчүн салык жеңилдиктерин берет.
Кыргызстан өнөр жайдагы позициясын бир кыйла чыцдоого жетишти. Эң чоң жетишкендиктердин бири Кара-Балта шаарында “Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсы, анын кубаттуулугу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүчү заводунун ачылышы болду. Ал битум жана ага тиешелүү материалдарды чыгарат. Долбоорго Кытайдан келген инвестициянын көлөмү 48 миллион долларды түзүп, 1 миңге чейин жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Ысык-Ата районунда жылына 1,5 миллион тонна цемент чыгарууга жөндөмдүү “Терек Таш” ЖЧКсы цемент заводу ачылды. Завод эң заманбап технологияларды колдонуу менен курулган. Экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында бардык өндүрүш линиялары импульстук реактивдүү фильтр системалары менен жабдылат.
Цемент өндүрүү үчүн чийки заттын дээрлик бардыгы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Ошондой эле Кемин районунда 115 млн доллар инвестиция менен клинкер өндүрүшү ишке киргизилген.
2024-жылы бир нече кичи ГЭСтер ишке кирди, бул алыскы аймактардын электр энергиясынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Талас облусунда кубаттуулугу 25 МВт болгон Бала-Саруу кичи ГЭСи 35 миллион доллар инвестиция менен ишке кирсе, Баткен районунда 4 МВт кубаттуулуктагы Исфайрам-1 кичи ГЭСи ишке кирди. Жалал-Абад облусунда Кайнама (9,6 МВт) жана Көк-Арт (6,7 МВт) ГЭСтери ишке киргизилип, аймактарды энергия менен туруктуу камсыздоо камсыз кылынат.
2024-жылы Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү жигердүү өнүктү. Чаткал районунда “Эти Бакир-Терексай” ЖЧКсынын 100 миң тонна руданы кайра иштетүү кубаттуулугу менен алтын өндүрүүчү фабрикасы ишке берилди. Жалал-Абад облусундагы “ОРИС НПЗ” ЖЧКсында 3 миллион долларлык инвестиция менен битум, дизель майы жана бензин өндүрүү иштери башталды. Завод күнүнө болжол менен 100 тонна битум чыгарат. Заводдо өндүрүлгөн продукция облустагы жол курууда колдонулат.
2024-жылы Кыргызстандын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор бул макалада жазылган долбоорлордон алда канча көп болду. Бул демилгелердин ишке ашырылышы өлкөнүн экономикалык пайдубалын чыңдайт. Былтыркы жылы ишке ашкан ар бир долбоор масштабына карабастан жашоонун сапатын жакшыртууга, аймактарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө өз салымын кошууда.