Жарыяланган
2025-05-02, 13:422024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын жалпы соода көлөмү 14,6 миллиард долларды түзүп, былтыркыдан 3,7%га өскөн. Мындан тышкары, экспорт 21,3%га өскөн, ал эми импорт, тескерисинче, 0,8% кыскарган. Ошол эле учурда, өлкөнүн жалпы соодасынын 30%дан ашыгы ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен байланышкан. Кыргызстандын экспорттук товарларынын дээрлик 40%ы биримдиктеги өлкөлөргө сатылса, ал эми бул өлкөлөрдөн келген импорт 28%ды түзөт.
Орусия менен Казакстан Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги соода өнөктөштөрү. Өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүнүн 21,9% Орусияга, 8,2% Казакстанга туура келет. Ал эми эң солгун соода мамиле Армения менен, анын үлүшү болгону 0,011% түзөт.
Жалпысынан 2024-жылдын 11 айында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 9,2%га өскөн. Ошол эле учурда соода жүгүртүүнүн көлөмү гана эмес, өз ара эсептешүүлөрдүн валюталык структурасы да өзгөргөн.
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн рубль менен эсептешүүлөрдүн үлүшү 2020-жылы 71,6% болсо, 2024-жылдын биринчи жарымында 82,5%га чейин өскөн. Ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы төлөмдөрдө кыргыз сому жана армян драмы колдонула баштады, бирок алардын үлүшү көп эмес – ар бири 0,1%. Ошол эле учурда доллар акырындык менен позициясын жоготууда. 2024-жылы доллар менен соода алака бир аз жогорулаганына карабастан (10,6%дан 10,7%ке чейин), акыркы беш жылда анын үлүшү дээрлик эки эсеге – 20%га кыскарган.
Биз долларга көз салып турган чакта, Кытай ишенимдүү түрдө ЕАЭБде өз валютасын жайылтууда. 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өз ара эсептешүүсүндө юандын үлүшү 1,5% түздү. Бул жөнөкөй сезилиши мүмкүн, бирок бул тарыхый учур, анткени буга чейин юандын үлүшү өтө аз болгондуктан, ал "башка валюталардын" категориясына кирген. .
2024-жылдын экинчи чейрегинде Орусия Кыргызстандын товарларын импорттоодо рубль менен төлөп, дээрлик доллар жана еврону колдонгон эмес. Эсептешүүдө орус валютасынын үлүшү 98,3%ды түздү.
Казакстан да кыргызстандык товарларды жана кызматтарды төлөөдө тенгени жигердүү колдонду, алардын үлүшү 32%ды түздү. Бирок, Казакстан доллар менен көбүрөөк төлөгөн – 56,9%. Ошондой эле, доллар Кыргызстандын товарларын Арменияга экспорттоодо негизги төлөм валютасы болгон. Бирок, жогоруда жазылгандай, бул өлкө менен соода жүгүртүү өтө төмөн болгондуктан, ал эми биздин жалпы экспортубуз 237,4 миң долларга бааланган.
Беларусь бизге негизинен евро жана рубль менен төлөдү, алардын биздин экспорт үчүн төлөмдөрдөгү үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 54,3% жана 32,6% түзөт.
Ошентип, орусиялык эсептешүүлөрдүн рублга так байланышы, Казакстандын төлөмдөрүнүн диверсификациясы, ошондой эле Беларусь менен Армениянын бир кыйла аралаш валюталык түзүмү жөнүндө айтууга болот.
Орусиядан келген товарлар боюнча Кыргызстан төлөмдөрдүн 96,4%ын рубль менен жүргүзгөн. Казакстанга төлөмдөрдүн 48,7%ы тенге менен төлөнгөн, ал эми олуттуу бөлүгү – 43,5%ы – доллар менен эсептешилген. Кыргызстан белорусь товарларын негизинен орус рубли менен төлөгөн, алардын үлүшү 88,3%ды түзөт. Арменияга келсек, эркин валютада эсептешүү үстөмдүк кылган: төлөмдөрдүн 59,7% доллар менен, 37,3% евро менен жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, юань Кыргызстандын экспорттук кирешесинин 1,1%ын гана түзсө да, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдөн импорттоо үчүн төлөмдөрдүн 17,6% түзөт. Дегеле, Кыргызстан экспорттон негизинен рубль менен киреше алса, импортко, тагыраагы сатып алууга доллар, евро жана юанды колдонот десек болот.
Юань 2024-жылы 2023-жылга караганда көбүрөөк колдонулган. Ал кезде “башка валюталар” категориясына кирген, азыр өзүнчө классификацияланат. 2024-жылдын экинчи чейрегинде Казакстан экспорт үчүн 76 юань, Кыргызстан 291 транзакция кабыл алган.
Казакстан менен Кыргызстан дагы ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту үчүн юань менен төлөшкөн. Казакстан мындай 82 операцияны ишке ашырган, алардын көбү Орусиянын пайдасына, 241и Кыргызстандын пайдасына, ошондой эле негизинен орусиялык товарларга.
Дүйнөлүк соода жөнүндө айта турган болсок, өзүнүн товарлары боюнча Беларусь юань менен эң көп транзакцияларды алган – 1962, Кыргызстан экинчи орунда – 523. Орусия боюнча маалымат жок. Импорттук төлөмдөр боюнча да абал окшош. Беларусь импорттук товарлар боюнча юанды колдонгон (экинчи кварталда 31 миң 47 транзакция жүргүздү), Кыргызстан болсо 20 миң 693 транзакция жүргүзгөн.
Юань ЕАЭБ алкагында олуттуу үлүштү ээлебесе да (2024-жылы эсептешүүлөрдүн 1,5%), анын таасири күч алууда. Алсак, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бүткүл дүйнө менен тышкы соодасын эсептөөлөрдө юань 26,9%ды ээлейт, ошол эле учурда АКШ долларынын үлүшү акыркы эки жылда 44,5%дан 20%га чейин төмөндөдү.
Бүгүнкү күндө орус рубли ЕАЭБде үстөмдүк кылууну улантууда, ал эми юань тышкы соода төлөмдөрү үчүн барган сайын маанилүү валютага айланууда. Кытайдан келген импортко көз каранды болгон Кыргызстан юанды активдүү колдоно баштады, бул дедолларизациянын дүйнөлүк тенденциясын ырастайт.