Жарыяланган
2024-16-10, 17:532023-жылы мигранттардын эл аралык акча которууларынын агымы ИДПнын 20,5%ын түзүп, 2,7 млрд долларды түздү. Кыргызстандык мигрант мекенине айына орто эсеп менен канча акча жөнөтөт жана кайсы өлкөдөн көп акча которулат? Бул тууралуу “Акчабар” чакан изилдөө жүргүздү.
Улуттук банктын статистикасына ылайык, быйыл сегиз айда кыргызстандыктар өткөн жылдын жалпы көлөмүнүн 70,3% - 1,9 миллиард долларды мекенине жөнөтүшкөн.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 600 миңге жакын жараны чет өлкөдө жүрсө, алардын басымдуу бөлүгү – 334 миң адам Орусияда эмгектенет. Казакстанда 65 миң кыргызстандык жаран бар, андан кийин Түркия жана АКШда ар биринде 40 миң кыргызстандык жашайт. Түштүк Кореяда журтташтардын саны 16 миң адамга жетет.
Бир жылга жетпеген убакытта өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын жалпы көлөмүн эске алсак жана биздин эмгек мигранттарыбыздын жалпы санын биле турган болсок, бул убакыттын ичинде алардын ар бири үйлөрүнө орто эсеп менен 3 миң 275,6 доллар же ай сайын 409,45 доллар жөнөтүп турганы белгилүү болду.
Акча которуулардын жалпы агымы боюнча маалыматтан тышкары, Улуттук банк Казакстан, Россия, АКШ, Түркия жана Түштүк Корея сыяктуу негизги жөнөтүүчү өлкөлөр тарабынан алынган акча которуулардын бөлүштүрүлүшүн берет. Бул маалыматтарга ээ болуу менен кыргызстандык жаран дүйнөнүн тигил же бул бурчунда иштеп жүргөндө канча акча жөнөтөрүн болжолдуу түрдө элестетүүгө болот.
Орусияда жашаган мигранттар айына орто эсеп менен Кыргызстанга 684,1 доллар жөнөтөт. Түштүк Кореядагы мигранттар 353,9 доллар жөнөтөт. Андан кийин АКШ – 134,38 доллар, Түркия – 36,8 доллар жана Казакстан – 3,8 доллар. Албетте, айрым мекендештер көбүрөөк акча жөнөтсө, айрымдары азыраак акча которот. Бул макалада орточо сумма эсептелди.
Кошумчалай кетсек, акча которуулар боюнча статистика жакынкы аралыкта өзгөрүшү мүмкүн. Себеби, ушул жылдын жай айынын аягынан тарта кыргызстандык банктар орусиялык каржы институттарынан телефон номер боюнча ыкчам акча которууларды токтоткон.