akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстрационное

    Жарыяланган

    2024-09-09, 09:05

    ЕАЭБде эң нааразы керектөөчүлөр кыргызстандыктар — изилдөөнүн жыйынтыгы

    Евразия экономикалык комиссиясы менен Орусиядагы Г.В. Плеханов атындагы экономикалык университет изилдөө жүргүзүшкөн.  Анда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө керектөөчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына канчалык канааттангандыгына баа берилип, ошондой эле алардын укуктарын коргоодогу негизги көйгөйлөр изилдөөгө алынган. 

    Эң нааразы керектөөчүлөр кыргызстандыктар 

    Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары жалпысынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлине канааттанышат. Тактап айтканда, Арменияда респонденттердин 68%, Беларуста 87% товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коюлган талаптар дайыма же көп учурда аткарыларын белгилешти. Биримдиктин башка мамлекеттеринде – Казакстанда, Кыргызстанда жана Орусияда ушундай эле баа тиешелүүлүгүнө жараша 61%, 56% жана 67% түзгөн.

    Мындан тышкары, сурамжылоонун жыйынтыктары жарандардын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ишениминин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Мисалы, Беларуста респонденттердин 72% жана Орусияда 56% керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы көзөмөлдөөчү органдардын ишмердүүлүгүн “натыйжалуу” же “жетиштүү натыйжалуу” деп эсептешет.

    ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө бул көрсөткүч анчалык деле жогору эмес: мисалы, Армения менен Казакстанда 54%ды түзөт. Кыргызстанда респонденттердин 47% гана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жооптуу мамлекеттик органга ишеним көрсөтө турганын белгилеп,  анын ишин натыйжалуу деп эсептейт. 

    Медициналык, коммуналдык кызматтар жана байланыш тармагында  укуктардын бузулушу

    Изилдөө керектөөчүлөр туш болгон кыйынчылыктарды ачыкка чыгарган. Чекене соодада респонденттер товарга коюлган кагаздагы баанын жоктугуна, туура эмес нарк көрсөтүүлөргө жана кошумча кызматтарды таңуулоого дуушар болушат. Эсеп-кысап каталары жана кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу тамак-аш кызматында кеңири таралган көйгөйлөргө айланды.

    Респонденттердин пикири боюнча эң көйгөйлүү багыттардын бири - бул медициналык кызмат. Мында респонденттер профессионалдуулуктун төмөн деңгээлин жана алдын ала макулдуксуз кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жогорулашын белгилешкен. Байланыш жана коммуналдык кызматтардын керектөөчүлөрү да ушундай эле кыйынчылыктарды баштан өткөрүшүүдө.

    Көйгөйлөр аралыктан сатып алууларга да тиешелүү. Мында негизги нааразычылыктар жеткирүүнүн кечиктирилиши, продукция тууралуу толук маалыматтын жоктугу жана эне тилдеги маалыматтардын жоктугу менен байланыштуу. 

    Керектөөчүлөр өз укуктарын билишпейт

    Изилдөө көрсөткөндөй, көптөгөн керектөөчүлөр өз укуктарын билишпейт. Алсак, Армения менен Казакстанда респонденттердин 15% гана, Кыргызстанда 17%, Орусияда 26%, Беларуста 34% гана укуктарын билишет.

    Көбүнчө керектөөчүлөр сапаттуу товарларга жана продуктыларды алмаштырууга болгон укуктарын билишет, бирок укуктарды коргоо жаатында билим алуу укугу жөнүндө маалыматы аз.

    Туризм, медицина, билим берүү жана башка тармактарда аралыктан соода кылууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо калк үчүн эң актуалдуу маселелер болуп саналат.

    “Бул изилдөө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы керектөө рыногунда керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумун жана аларды коргоого багытталган чараларга карата жарандардын мамилесин изилдөө боюнча Биримдик мамлекеттеринин биргелешкен ишинин биринчи тажрыйбасы болуп саналат. Изилдөөнүн жүрүшүндө иштелип чыккан методология ар бир мүчө мамлекетте колдонулушу мүмкүн жана өлкө аралык изилдөөнүн натыйжалары бул багыттагы интеграциялык иштерди жакшыртуу үчүн негиз болуп калат”, - деп белгилейт ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринария департаментинин директору Наталья Жукова.

    ЕАЭБде респонденттердин 43% бир да жолу тамеки жана спирт ичимдиктерин сатып алышкан эмес 

    Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, керектөөчүлөр көбүнчө жумасына бир нече жолу тамак-аш азыктарын сатып алышат. Ошол эле учурда, респонденттердин 43%ы эч качан тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатып алышпай турганын белгилешкен. 

    Электрондук жана тиричилик техникасы жарым жылда бир жолудан аз, парфюмерия жана косметика - айына бир жолу, кийим-кече жана бут кийим - бир нече айда бир жолу сатылып алынат. Эң популярдуу кызматтар байланыш, чекене соода жана коомдук транспорт бойдон калууда.

    Кызыгы, дистанциондук сатып алуу мамлекетке жараша өзгөрөт. Орточо алганда, респонденттердин 20% айына бир нече жолу, 19% - айына бир жолу онлайн соода кылышат. 

    Бирок Кыргызстанда респонденттердин 40% бир да жолду интернет аркылуу товар сатып албай турганын белгилешсе, Арменияда бул көрсөткүч 23%ды түзгөн. 
    Интернет-дүкөндөрдүн эң популярдуу категориялары - тиричилик техникасы, парфюмерия жана косметика, кийим-кече жана бут кийим экендиги белгиленген.


    Тектеш материалды окуу