Жарыяланган
2024-16-12, 15:17Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров үч жыл иштегенден кийин 16-декабрда кызматынан кетти. Анын Министрлер кабинетин жетектегени өлкөнүн тарыхындагы татаал, бирок жемиштүү мезгилге туш келип, анын ишинин жыйынтыгы мактоолорду да, сындарды да жаратты.
Жапаровдун ишинин негизги багыттарынын бири инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болгон. Ал өзүнүн ишинин башында эле алдыга амбициялуу максаттарды коюп, Кыргызстан “кедей өлкө синдромунан” баш тартып, өзүнүн ички ресурстарын жигердүү колдоноорун жарыялаган.
Анын өкмөтү салык системасын модернизациялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашырууда. Бирок, жаңы Салык кодекси кайчы пикирлерди жаратты. Бизнести жөнөкөйлөтүү боюнча көздөгөн максаттарга карабастан, салык системасы айрым тармактардын ишин татаалдатып, кайра карап чыгууну талап кылды.
Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча алдыга койгон максаттардын көбүн жүзөгө ашыра алды. 2021-жылдын аягында ИДПнын өсүшү 7% түздү, ал эми кийинки эки жылда экономика жыл сайын 9% деңгээлинде туруктуу өсүштү көрсөттү.
Эске салсак, 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгын чыгарып жатып, Жапаров экономикалык өсүштүн туруктуулугун жана динамикасын баса белгилеген.
“Биз макроэкономикалык туруктуулукту бекемдеп, анын өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, тездеттик. Бул келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубалды түзүүгө мүмкүндүк берет”, - деген пикирин билдирген.
2023-жылдын ноябрында Кыргызстандын ИДПсы бир триллион сомдон ашып, 2024-жылдын январь-ноябрында 1 триллион 226 миллиард сомго жеткен. Салыштыра турган болсок, 2020-жылы бул көрсөткүч 598,3 миллиард сомду түзүп, үч жылда дээрлик эки эсеге өскөн.
Туруктуу өсүш биринчи кезекте өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарба секторунун олуттуу өсүшүнө байланыштуу. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу жана инфраструктураны модернизациялоо жаатындагы өкмөттүн максаттуу саясатынын натыйжасы болгон экспортту активдештирүү жана инвестицияларды тартуу маанилүү роль ойноду.
Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасы болуп турганда жетишкен олуттуу жетишкендиктеринин бири өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн олуттуу өсүшү болду. Эгерде 2022-жылы казынанын тартыштыгы 35 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 503,4 миллиард сомдук баштапкы күтүүлөрдөн ашып, 577,2 миллиард сомго чейин өстү. Эки жылдын ичинде мамлекеттик казынанын киреше бөлүгү 2,5 эсеге өстү.
Кирешенин өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы салык реформалары болду. Жаңы Салык кодексинин кабыл алынышы каржылык агымдардын ачыктыгын жогорулатуу жана көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадам болду. Реформалардын алкагында салыктык түшүүлөрдү эсепке алууну жана контролдоону жөнөкөйлөштүрүү үчүн иштелип чыккан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) жана контролдук-кассалык машиналар (ККМ) сыяктуу инструменттер киргизилген. Кошумчалай кетсек, эки жыл катары менен “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы өткөрүлүп, ал жарандык көзөмөлдү күчөтүүгө жана калк арасында салык тартибин жогорулатууга багытталган.
Бирок реформа да белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болду. Контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуунун киргизилиши ишкерлердин, айрыкча кичи жана орто бизнес сегментинде нааразычылыктарды жаратты. Кээ бир компаниялардын жаңы технологияларды интеграциялоого даяр эместиги көйгөйлөрдү жаратты.
Бизнес-коомчулуктун суроо-талаптарына жооп кылып, өкмөт контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүнү кийинкиге калтырды жана бизнестин айрым категориялары үчүн жеңилдиктерди, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды акысыз берди.
Ага карабастан Жапаровдун жетекчилиги астында салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттин кирешесин көбөйтүүнүн маанилүү фактору болуп калды.
Акыркы үч жылда Министрлер кабинети Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында мамлекеттик ишканаларды түзүү жана реструктуризациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. “Кыргызавтожол”, “Кыргызөнөр жай” ААК, “Авиациялык издөө-куткаруу кызматы”, “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору”, “Кара-Балта спирт заводу” жана “Борбордук лаборатория” сыяктуу ондон ашык ишканалар ачылып, кайра түзүлдү. Бул демилгелер мамлекеттик секторду башкарууну жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын стимулдаштырууга багытталган.
Финансы инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттердин алкагында 20 миллиард сом уставдык капиталы менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлүп, узак мөөнөттүү инвестицияларды колдоодо маанилүү кадам болду.
Мындан тышкары, өкмөт тарабынан каржы рыногундагы позицияларын бекемдөө максатында “Айыл Банк”, “Элдик Банк” сыяктуу мамлекеттик банктарды капиталдаштырууга олуттуу каражат бөлүнгөн.
Бирок бардык долбоорлор ийгиликтүү болгон жок. Тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, туризм жана башка тармактарда ири долбоорлорду башкарган холдинг катары иштелип чыккан “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” долбоору жоюлду.
Жапаровдун ишинин негизги багыты Азиядагы “жолборстордун” үлгүсү боюнча тез экономикалык трансформацияга багытталган “Жолборстун секириги” деп аталган “Экономикалык керемет-2030” стратегиясы болду. Стратегия масштабдуу реформаларга, инфраструктураны модернизациялоого жана өндүрүштүк кубаттуулукту өстүрүүгө негизделген.
Жапаров өзү айткандай, мындай мамиленин максаты Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана дүйнөлүк экономикага кошкон салымын жогорулатуу болуп саналат.
“Биздин негизги милдетибиз – экономиканын реалдуу секторунун салымын күчөтүү, чет элдик инвестицияларды тартуу жана аны стратегиялык маанилүү тармактарга интеграциялоо. 2025-жыл жаңы амбициялуу максаттарды ишке ашыруу жылы болот деп ишенебиз”, - деп белгилеген Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин 11 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында.