Жарыяланган
2025-03-04, 16:58Кыргызстандын энергетика тармагында олуттуу реформалар ишке ашырыла баштады. Алардын негизгилери жана бул жаатта учурдагы жетишкендиктер тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев айтып берди.
— Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап "Энергетика тармагында чоң реформаларды жүргүзгүлө" деп бизге тапшырма берген. Анын аткарылышын өзү көзөмөлдөп келе жатат.
Сиздер билгендей, мурун "Кыргызэнергонун" убагында эки эле компания бар болгон. "Электр станциялары” жана "Улуттук электр тармактары". "Электр станциялары" электр энергияны өндүрсө, “Улуттук электр тармактары” аны өзүнүн электр линия, көмөк чордондору аркылуу кардарларга жеткирип берчү.
2001-жылдары реформа жүргүзүлүп, бул тармак чачыратылган. Башкача айтканда, электр энергияны чыгарган, жеткирген жана бөлүштүргөндөр өз өзүнчө болуп калган. "Улуттук электр тармактары" 100, 220, 500 киловольттук көмөк чордондор, электр линилары менен калган. 35 киловольттон ылдый 35, 10, 04 киловольт линиялар "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Жалалабат электр", "Ош электр" деген компанияларда калган.
Реформанын алкагында, ошол компанияларды бириктирип, бир нукка алып келели дедик. Ага ылайык, "Электр станциялары" электр энергияны өндүрүү менен гана алектенсе, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ошол электр энергияны "Кыргызэнергонун" убагындагыдай кардарларга жеткириши керек. Бүгүнкү күнү аталган төрт мекемени бириктирип, "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" астына алып келдик. Азыр бүт баары борборлоштурулган. Бир нерсе сатып алса, бир бухгалтериядан, бир казынадан баарын сатып алат. Мурда үч чакырым кабель сатып алыш керек болсо, аны 4-5 облуска бөлгөндө, 300-400 метрден тийчү. Мындан улам тендерге катышып, кабель жана башка материалдык тетиктерди алып келе турган компаниялар чыкчу эмес. Анткени кызыкчылык болгон эмес. 200-300 метрге же болбосо 1-2 трансформатор үчүн ким бармак эле? Азыр тендерди "Кыргызстан улуттук электр тармагы" өткөрүп, борборлоштурулган кампадан бөлүп берет. Мындан улам баасы да, сапаты да жакшырды.
Биз аталган компанияларды кошуп алып жатканда, 1 млрд 200 млн сомдон ашык карызы бар болчу. Талас жана Чүй облустарын, ошондой эле Бишкек шаарын тейлеген "Түндүкэлектр" "Ошэлектр" ишканасында электр энергиянын колдонуучулары, коммерциялык түзүмдөр көп болгондуктан, каржылык абалы жакшы болгон. Ал эми "Чыгышэлектр" менен "Жалалабатэлектр" банкрот болоюн деп калган. Алар электр энергияны "Электр станцияларынан" алып, элге сатып, акчаны чогултканда, айлык бергенге акчасы жетпей калчу. Кышында керектөө көп болгон мезгилде гана жетиштүү каражат топтой алчу. Күн жылыганда, апрелден баштап кардарлар электр энергияны аз колдонгондуктан, акчасы аз түшүп, алар айлыгын да бере албай, салык, Соцфондго карыз болуп калчу. Ишкананы жаңылоо үчүн бир нерсе сатып алганга каржы маселеси аз болгон. Бүгүнкү күнү андай көйгөй жок. Азыр баары борборлоштурулган.
Баткен мурда "Ошэлектрдин" карамаганда болчу. Ал жерге өзүнчө "Баткен электр тармактары ишканасы" деген чоң мекеме түзүп, кеңсесин ачып бердик. Аны 2024-жылы 31-августта ишке киргиздик. Бул – энергетика тармагындагы чоң реформалардын бири, дагы бир чоң жетишкендик болду. Бүгүнкү күнү ар бир облуста өзүнүн электр тармактар мекемеси бар. Азыр алардын бардыгы карызынан кутулуп, биринин да салык, Соцфонд, айлык боюнча карызы жок.
"Электр станциялары" ишканасынын мурда кошумча чыгымдары болуп келген. Маселен, Шамалды-Сай, Каракөл, Таш-Көмүр шаарларынын мэриясынын от казандары анын карамагында болчу. Башкача айтканда, электр энергия чыгарган компания мэриянын милдетин аткарчу. Азыр ал милдетти муниципалитетке өткөрүп бердик. Ошонун негизинде 250 млн сомго жакын каражат үнөмдөдүк.
Мурда Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) маселелери бүтүндөй Кыргызстандын эсебинен чечилчү. Бүгүнкү күнү ЖЭБди Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп бердик. Эмнеге өткөрүп бердик? Анткени кардарларынын баары борбор калаанын тургундары. Бул дагы бир чоң реформа. Башында “Алар кантип иштейт, мэрия энергетиктерби?" деп каршы чыккандар болгон. Биз ЖЭБде иштеп жаткандарды кароолчусунан баштап директоруна чейин ошол жерде калтырдык. "Бишкек жылуулук тармактарында" иштегендерди иш ордунда калтырдык. Мэрия өзүнчө департамент түзүп, быйылкы кыштан аман-эмес чыктык. Бүгүнкү күнү алар тарифтерди өздөрү коюп, өз саясатын өздөрү жүргүзүп жатат.
Азыр "Электр станциялары" жашыл энергия чыгарган компаниялардын бири болуп калды.
Учурда дагы бир жаңылануунун алдында турабыз. Өлкөдө 10/0,4 киловольттук 25 миңден ашык көмөкчордон болсо, анын алты миңге жакынын оңдоп же алмаштыруу керек. Алардын эскилиги жеткен. Быйыл дээрлик 1 миң трансформаторду жаңылайбыз. Азыр алар четинен келе баштады.
Электр чубалгыларын тышы капталган зымдарга (СИП) алмаштыруудабыз. Мурда кыш эрте келип, жалбырак түшө электе кар жааганда, авариялар көп болчу. Зымдар алмаштырылгандан кийин 2023-жылы жогорку чыңалуудагы түйүндөрдө 120 өчүрүү болсо, былтыр 90 өчүрүү болду. Бул жаңылануу иштери болуп жатканын көрсөтүп турат. Кайсы жерде оңдоо, зымдарды, тирөөчтөрдү алмаштыруу иштери болуп жатса, анын баары элге алдын ала “Менин жарыгым” тиркемеси аркылуу кабарланып жатат.
Алдыда электр энергияны сатуу тармагындагы реформабыз бар. Энергетика тармагынын бюджети электр энергияны сатуудан түшкөн каражаттан түптөлөт. Тагыраагы, электр энергия сатылып, акча чогулат. Ал жерде да чоң реформа болду.
Мурда абоненттердин үйүнө барып көрсөткүчтөрду жазып кетип, кайра квитанция таратып берчүбүз. Аны төлөбөсө, 3-4 кишиден турган бригада машина менен барып, жарыкты өчүрүп кетчү. Акчаны төлөгөндөн кийин кайра барып аны күйгүзчү. Мунун баары чыгым да. Мисалы, бизде ГАЗ-53, 66 деген унааларды бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келе жатабыз. Алар 100 чакырымга 30-35 литр бензин жейт. Реформанын алкагында "Менин жарыгым" деген мобилдик тиркеме ишке кирип, мурункудай квитанция ташыбай калдык. Мунун алкагында 10дон 40 тоннага чейин кагаз үнөмдөп жатабыз. Ушул кагаздарды эле 10 млн сомго жакын акчага сатып алчубуз. Аны принтерге салып, квитанция басып чыгарчубуз. Ошонун баары чыгаша болчу. Азыр ал каражаттар үнөмдөлүп жатат.
Акылдуу эсептегичтер орнотулгандан кийин да иш кыйла жеңилдеди. Ал инспектордун милдетин өзүнө алгандан кийин, бул кесиптин зарылдыгы жок болуп калды. Биз аларга башка кызмат берип жатабыз. Мунун аркасы менен биз чыгашаны 114 млн сомго кыскартабыз. Бул биздин, инспектордун жумушун гана жеңилдеткен жок, абонент жана электр энергия менен камсыздаган мекеменинин кызматкеринин ортосундагы байланышты жокко чыгарды. Ал байланыш жоголгондон кийин жанагындай сүйлөшүүлөр, коррупция да азаят. Бул жагынан да бизге чоң жардам болду.
Азыр экинчи баскычтагы реформабыз бар. Аймактардагы диспетчердик кызматтарды өзүнчө мекеме кылып чыгарганы жатабыз. Акылдуу эсептегичтерди коюп бүтсөк, диспетчердик кызматтарды өзүнчө бөлөбүз. Райондук электр тармактарынын бригадасы оңдоо иштери, тетиктерди тейлөө менен алектениши керек. Ал эми электр энергияны сатуу бөлүмү акча чогултуу менен алек болушу зарыл. Реформалар ишке ашырылгандан кийин энергетика тармагындагы бардык иш ачык-айкын болуп калат.
— Ортомчу компанияларга электр энергияны сатып алып, кайра сатканга мамлекет тарабынан лицензия берилген. Алар электр энергияны "Кыргызстан улуттук электр тармагынан" сатып алат, кийин элге, кардарларга мамлекет кандай тариф менен сатса, ошондой эле тариф менен сатат. Алар өздөрү линия тартат, кээ бир жерде көмөк чордон курат.
Азыр биз тариф маселеси боюнча иш жүргүзүп жатабыз. 1-майдан тарта биз ортомчу компанияларга мындай талап коюудабыз: Силер мурда биздин электр станциялардан чыккан электр энергияны алчусуңар. Анда силерге бергенге мүмкүнчүлүк бар болчу, азыр жок. Өзүбүздө тартыштык бар. Силер биз импорттоп келген электр энергияны импорттук баага алып, ошону менен иш кылгыла деп сунуштап жатабыз. Аларды "жок, сен иштебейсиң" деп жаап салган туура болбой калат. Себеби салык төлөп жатышат, ал жерде биздин эле жарандар иштейт. Дүйнөлүк рынокто атаандаштык болгондой эле алар мамлекеттик компания менен атаандаш болгонго мүмкүнчүлүгү болсо иштейт, болбосо жабылат. Электр энергияны импорттук баа менен сатып алып турса, атаандаштыкка туруштук беле алса иштей берет.
Менимче алар өздөрү электр энергия өндүрүшү керек. Маселен, чакан ГЭС, күн же шамал электр станциясын курса, андан чыккан электр энергияны сатканга мүмкүнчүлүгү болот. Өзүбүздө тартыштык болуп жаткандыктан, биз чет жактан алган электр энергиянын баасына өзүбүздүн транзит, чыгымдар кошулган тариф менен аларга беребиз.
— Кыргызстан сууга бай мамлекеттердин бири. Президент, биз дагы 142 млрд кВт/саат электр энергия өндүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин айтып келе жатабыз.
Садыр Жапаров президенттикке келгенден баштап энергетика тармагына чоң көңүл бурулуп жатат. Мыйзамдарды, башка нормативдик-укуктук актыларды өзгөрттүк, тарифтерди карап чыктык. Мисалы "Чакан ГЭС курам" дегендер буга чейин да көп болчу. Бирок аларга инвестиция салуунун пайдасы жок болчу. Акча салган инвестор артынан пайда табыш керек эмеспи. Бир сом салса, кеминде 20 тыйын пайда көрүшү кажет.
Биз тиешелүү шарт түзгөндөн кийин биздин ички инвесторлор ГЭС курганга кирише баштады. Азыр өлкөдө салынып жаткан чакан ГЭСтердин 90% биздин ички инвесторлор, ишкерлер курууда. 2025-жылдан 2028-жылга чейин өлкөдө 406 мегаваттка (МВт) жакын Чакан ГЭСтерден кошумча генерация пайда болот. Бизде азыр 500 мегаваттка жакын тартыштык бар.
Бизде "Чакан ГЭС" деген ачык акционердик коом бар. Ал 30 МВт’ка чейинки ГЭСтерди тейлейт. Бул ишкана “Бала-Саруу” ГЭСин курду. Эми Орто-Токой суу сактагычында 21 МВт’тык, Папан суу сактагычында 27 МВт’тык, Токтогул ГЭСинин жанындагы Каракөл дарыясында 18 МВт’тык чакан ГЭСтерди салып жатат. Мунун баарын ал Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып же кытайлык инвесторлорду тартып салып жатат. Калганын биздин жеке ишкерлер курууда.
Саны боюнча алсак, 2025-жылы беш чакан ГЭС ишке кирет деп турабыз. Алардын жалпы кубаттуулугу 64 МВт болот. Мен бүгүнкү күнү тиешелүү документин алып, ишти баштагандарын айтып жатам. "Мен курам" деп техникалык-экономикалык негиздемесин, долбоорун жазып келип, банктан насыя алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жаткандар да арбын.
Азыркы тапта чакан ГЭСтер 450 млн кВт/саатка чейин электр энергия өндүрүп берип жатат. Алардан тышкары чоң ГЭСтерди алсак, Нарындагы “Куланак” ГЭСи келерки жылы бүткөрүлөт деп турабыз. Анын кубаттуулугу 100 МВт’ты түзөт. "Камбар-Ата-2" ГЭСине кубаттуулугу 120 МВт болгон экинчи агрегат орнотулат.
"Казарман" ГЭСи (1160 МВт) боюнча "Орто Азия" деген түрк компаниясы менен келишим түзүп, ал жерде да иштер жүрүүдө. "Суусамыр Көкөмерен" ГЭСинде (1305 МВт) жумуш жүрүп жатат. Жогорку Нарын каскадына (237,7 МВт) да үч-төрт инвестор бар. Азыр конкурс өткөрүп, кимиси жакшы шарттарды сунуштаса, ошого беребиз. Чоң ГЭСтерге кызыккандар дагы абдан көп.
Камбар-Ата-1 ГЭСи эң чоң улуттук долбоор болот деп жатабыз. Учурда иш кызуу жүрүүдө.
Азыр ГЭСтер ар кайсы райондордо курулуп жатат. Ошол жердеги айыл өкмөткө ар бир кВт/саат электр энергиянын 1% калсын деп жатабыз. Мисалы 100 киловатт (кВт) өндүрүлсө, анын 1 кВт/саатын акчалай ошол айыл өкмөткө которуп турабыз. Акчаны "Кыргызстан улуттук электр тармагы" төлөйт. Ал айыл өкмөткө, элге жакшы жардам болот.
Мурда суу жөн эле агып турса, эми биз андан электр энергияны өндүрөбүз.
— Мурда электр энергиянын жоготуулары 30%га чейин жетчү. Бүгүнкү күнү биздин жоготуулар 11,64% түзөт. Жылдын-жылга азайып келе жатат. Дебитордук карыз да азайып жатат. Азыр 500 миң акылдуу эсептегичти койсок, жоготууну мындан да азайтабыз. Бирок физиканын мыйзамы боюнча жоготууну такыр нөлгө түшүрө албайбыз. Бирок болушунча азайтканга болот. Электр энергия зым менен кетип жаткандан кийин ал жерде сөзсүз жоготуу болот. Бул техникалык жоготуу.
Сиз айтып жаткан коррупция деген нерсе, бул – керектөөчү менен биздин кызматкердин экөөнүн эле ортосундагы "сүйлөшүү". Эң биринчи ошону жоюу керек. Абонент менен биздин электр энергия менен камсыз кылган уюмдун өкүлүнүн ортосундагы катышты жоготсок, коррупция жоголот деп эсептей берсе болот. Ал үчүн "Менин жарыгым" тиркемеси киргизилип, акылдуу эсептегичтер орнотулууда.
Ошондой эле коррупция көбүнчө сатып алууларда болот. Баарынын кекиртегин тыйыш кыйын экен. Бизде өзүнчө коррупцияга каршы бөлүм бар. Ревизиялык комиссиялар барып текшерип жатат. Коррупция такыр жок дегенден алысмын. Бирок Кудайым буюрса муну да жок кылабыз. Бул биздин милдетибиз. Президентибиздин койгон тапшырмасы.
Электр энергияны колдонууну бир тартипке келтирип алсак, биз коррупциянын жоюу жолун билебиз.