akchabar logo with typographysearch

    «Халык Банк Кыргызстан»

    ОАО «Халык Банк Кыргызстан»

    Банк жөнүндө маалымат

    Негизделген жылы

    1999

    Лицензия

    044, 044/1

    Башкы кеңсе

    г. Бишкек, ул. Фрунзе, 390

    Телефон

    +996 (312) 323-599

    Электрондук почта

    halyk@halykbank.kg

    Вебсайт

    http://www.halykbank.kg/

    «Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому «Кайрат Банк» АООТ акциясынын 100% Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АКсы сатып алгандан кийин түзүлгөн. (Юридикалык жактын мамлекеттик кайра катталуусу туурасында күбөлүк, №076929 сериясы ГПР 23-декабрь 2004-ж.).

    «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы кайра аталганга чейин «Кайрат Банк» Ачык типтеги акционердик коому деген аталышта болгон, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын түзүлүшүндөгү пионерлердин бири «Максат» АКБ реструктуризациялоо жолу менен, 1999-жылы 16-апрелде түзүлгөн, 2001-жылы март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылы 9-марттагы №87 Токтомуна ылайык, «Кайрат Банк» Ачык типтеги акционердик коомунун жалгыз акционери КР Өкмөтү болгон жана андан кийин кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитетине берилген.

    2004-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кайрат Банк» ААКсын менчиктештирүү чечимин кабыл алган. «Кайрат Банк» ААКны менчиктештирүүнүн негизги максаты банк ишмердигине акыркы технологияларды жана натыйжалуу башкаруу тажрыйбасын киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү банктын мындан аркы өнүгүшүн камсыз кыла турган стратегиялык инвесторлорду тартуу болгон. Тендерден кийин “Казакстан Халык Банкы” АК жеңүүчү деп табылган.

    «Кайрат Банк» ААКсынын акцияларынын 100 пайызын Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстан Халык Банкы» ААК сатып алгандыгына байланыштуу Банк юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (2004-жылдын 23-декабрындагы № 076929 сериясы ГПР юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк) жана ошол учурдан тартып «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы деп аталып калган.

    «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы S.W.I.F.T коомчулугунун мүчөсү болгон Кыргыз Республикасындагы биринчи коммерциялык банк болуп саналат.

    Төлөм карталарын тейлейт

    • visa_support

    Финансылык көрсөткүчтөр

    Жылдык активдер
    Активдер 2024
    36122494 миң сом
    Жылдык киреше
    Киреше 2024
    492774 миң сом