Жарыяланган
2025-27-01, 17:16Бүгүндөн тарта "Манас" эл аралык аэропорту Ачык акционердик коому "Кыргызстан аэропорттору" деп өзгөрдү.
Мекемеден билдиришкендей, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми өлкөнүн башкы аба майданы "Манас" эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.
"Мындай өзгөртүү Кыргызстандагы бардык аэропортторду бир бренддин алдына бириктирүү жана мекемени өнүктүрүү боюнча стратегиялык багытты чагылдырат", - деп айтылат билдирүүдө.