Жарыяланган
2025-30-01, 14:20Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет.
1-февралдан тарта колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат.