Жогорку Кеңеш бүгүн , 19-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам долбоорун депутаттар үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 эл өкүлүнүн ичинен бирөө каршы болуп, калганы макул деп добуш берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда соттордун айлыгы көтөрүлүп жатканын айтты. Ал белгилегендей, соттор таза жана жоопкерчиликтүү иштөө талабы коюлганы менен маянанын аздыгына нааразы