Жарыяланган
2025-20-03, 10:55Министрлер кабинети “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө тескеме кабыл алды.
Документ ата мекендик өндүрүштөгү унааларга жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо-талапты стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык Каржы министрлиги мамлекеттик эки банкка 47 миллион сомдон бөлүп берет. Долбоордун катышуучулары автокредитти 8 пайыз менен алат.