Жарыяланган
2025-10-02, 16:28Былтыр Кыргызстанда ОСАГО боюнча 220 миңге жакын келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Тахмина Камчыбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, бул абдан аз көрсөткүч.
Бүгүнкү күндө республикада 1,5 миллиондон ашык машине бар.
Эске салсак, автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылган.