Жарыяланган
2024-25-12, 12:12Кыргызстанда акыркы эки жылда суюлтулган газга суроо-талап бир топ өстү. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, буга газ менен жүрүүчү унаалардын көбөйүшү себеп болууда. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда дээрлик 37 миң газ менен иштеген машине катталган.
"Акыркы эки жылда алардын 27 миңден ашыгы өлкөгө алып келинген", - деди министрдин орун басары.