Жарыяланган
2024-13-12, 09:05Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү сунушуна макул эмес. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, президент техникалык кароону милдеттүү түрдө кайра киргизүүнү караган токтом долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.
"Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору", - деп жазылган билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыккан.