Жарыяланган
2024-09-10, 15:26Бишкекте башаламан соодага каршы рейд жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, товарды белгиленбеген жерлерде саткандарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.
Мэрия жарандардан мыйзамды, тартипти жана тазалыкты сактоону суранат.