akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-12-09, 12:16

    Чет өлкөлөргө жумушка орноштурган 11 агенттиктин иши токтотулду

    Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен алектенген 11 агенттиктин ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, бул аракет миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалып жатат.

    Ишине тыюу салынган агенттиктер жана алар ишке орноштуруп келген өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкүдөй:

    "Вайс Групп" ЖЧК (Литва);

    "Селф виза" ЖЧК (Финляндия);

    "Работа есть" ЖЧК (Россия);

    Койгелдиева Ж.Э. (жеке ишкер) (Польша);

    "Айя-София" Европага убактылуу жумуш" ЖЧК (Польша, Финляндия, Венгрия);

    "Fly Go" ЖЧК (Чехия);

    "Гоу Ту Германи" ЖЧК (ФРГ);

    "Интернешнл Лигал Бридж" ЖЧК (Польша);

    "Глобал Стади Сервис" ЖЧК (Россия, Турция);

    "Лаки Джоб" ЖЧК (Болгария);

    "Адимаворк" ЖЧК (БАЭ, Катар).

    Министрлик жарандарды ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат.


    Тектеш материалды окуу