akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-19-11, 11:36

    Кыргызстандагы микрокредиттердин төрттөн бир бөлүгү Бишкекке туура келет

    2024-жылдын январынан сентябрына чейинки мезгилде Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар 918 миңден ашык карыз алуучуларды тейлеп, 47 миллиард сомдон ашык суммада насыя беришкен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

    Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карыз алуучулардын санынын 1,7 эсеге жана берилген микрокредиттердин көлөмүнүн 28,4%га өскөндүгүн билдирет. Микрокредитти негизинен Бишкек шаарынын тургундары алган жана бул бардык микрокредит алуучулардын 26%га жакынын түзөт. Кредиттөө көлөмү боюнча кийинки орунда карыз алуучулардын жалпы санынан 16% менен Ош облусу, 14% менен Жалал-Абад облусу жана 13,5% менен Чүй облусу турат.

    Микронасыялоо максаттарына келсек, микрокредиттин жалпы көлөмүнүн 53%ке жакыны керектөө муктаждыктарына, 20%ы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, болжол менен 12%ы соода жана коомдук тамактанууга, 5%ы курулушка багытталган. Керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасына 3,6 пайыздык пунктка кыскарган.


    Тектеш материалды окуу