Жарыяланган
2024-18-11, 10:162024-жылдын 14-ноябрында Бакуда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Негизги конвенциясынын 29-конференциясы (COP29) алкагында Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Борбор Азия үчүн Өзгөчө Программа (SPECA) боюнча министрлердин жолугушуусуна катышты.
Бул программа аймактагы өлкөлөрдү туруктуу өнүгүүнүн негизги маселелери, анын ичинде экономикалык кызматташтык, инновациялар жана экологиялык туруктуулук боюнча биргелешип иш алып баруу үчүн бириктирет.
Иш-чаранын негизги жыйынтыгы катары «SPECAнын климат жана инновациялар боюнча Диалогун түзүү» декларациясына кол коюлду. Бул диалогду түзүү климаттык чечимдер боюнча тажрыйба алмашуу, эл аралык инвестицияларды тартуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өнөктөштүктү стимулдаштыруу үчүн маанилүү платформа болот.
Жолугушуунун маанилүү маселелеринин бири климаттык долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн көп өнөктөштүү максаттуу фондду ишке киргизүү болду. Санжарбек Болотов Кыргызстан климаттык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгелерин өлкөнүн туруктуу өнүгүү боюнча улуттук приоритеттерине шайкеш колдоорун белгиледи.