akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-24-09, 12:29

    Дем берүүчү гранттардын эсебинен Жалал-Абадга 87,2 млн сом бөлүндү

    Жалал-Абад облусуна 2024-жылдын 8 айында дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 87,2 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат 61 долбоорго жумшалды. 

    • Сузак району 7 объектисине – 14,1 млн сом;
    • Чаткал району 3 объектисине – 1,3 млн сом;
    • Аксы району 10 объектисине – 15 млн сом;
    • Тогуз-Торо району 2 объектисине – 3,4 млн сом;
    • Токтогул району 5 объектисине – 4,9 млн сом;
    • Ала-Бука району 8 объектисине – 12,3 млн сом;
    • Ноокен району 8 объектисине – 12 млн сом;
    • Базар-Коргон району 3 объектисине – 8,1 млн сом;
    • Жалал-Абад шаары 11 объектисине – 8,4 млн сом;
    • Таш-Көмүр шаары 1 объектисине – 0,8 млн сом;
    • Майлуу-Суу шаары 3 объектисине – 6,9 млн сом;

    Анын ичинен:

    • 15 мектепке – 17,2 млн сом;
    • 2 саламаттыкты сактоо мекемесине – 1,1 млн сом;
    • 28 инженердик-коммуникациялык инфраструктура
    • объектилерине – 46,8 млн сом;
    • 6 маданий маанидеги объектиге – 11,1 млн сом;
    • 6 бала бакчага – 5,7 млн сом каралууда.
    • 4 спорттук курулуштар – 5,3 млн сом;

       

     

     

     

     


    Тектеш материалды окуу