Жарыяланган
2025-14-01, 14:46Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттайт. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, жазында 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат.
Учурда өлкөдө калк үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. Ал эми 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.
Эске салсак, мындан ары инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турары буга чейин кабарланган.