akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-08-06, 11:35

    Мэрия борборду ЕӨБ менен биргелешип МЖӨ аркылуу өнүктүрөт

    Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Бишкек шаарынын мэриясына, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) инструменттерин колдонуу аркылуу “Бишкек-2026” шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

    Тиешелүү меморандумга ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул күндөрү өтүп жаткан Евразиялык конгресстин жүрүшүндө кол коюшту.

    Салтанаттын жүрүшүндө белгиленгендей, учурда тараптар МЖӨнүн бир катар конкреттүү инфраструктуралык долбоорлорун талкуулашууда.

    Мындан тышкары, банк менен Кыргызстандын борбор калаасынын мэриясы долбоорлорду даярдоо, долбоорго чейинки документтерди даярдоону каржылоо, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын башкаруу секторунда МЖӨнүн мыкты тажрыйбаларын ишке ашыруу жана кеңейтүү боюнча макулдашышты.


    Тектеш материалды окуу