Жарыяланган
2025-16-04, 16:38Кыргызстанда электр унааларды кубаттоо үчүн арналган жерлерде унааны токтотуу эрежелерин бузган айдоочуларга айып салуу сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Коузев иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, өлкөдө электр унаалардын санынын өсүшү үчүн, ошондой эле алардын ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн, анын ичинде кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Депутаттын сунушу боюнча электр унааларды кубаттоо үчүн арналган жерлерде унааны токтотуу (коюу) эрежелерин бузган айдоочуга 3 миң сом айып салынат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата өлкөдө 7341 электр унаа катталган.