Жарыяланган
2024-05-11, 15:40Евробиримдик билим берүү тармагын колдоого Кыргызстанга 7 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Гранттык негизде берилген каражат илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы долбоорлорду колдоого, санариптик, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерлетүүгө жумшалат.
Европа биримдиги бул каражатты 2023-2026-жылдар аралыгында бериле турган 27 млн евролук жардамдын алкагында бөлүүдө.