Жарыяланган
2024-22-10, 15:28Ушул жылдын тогуз айында Ысык-Көл облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 74,1 млн сом бөлүндү.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага жалпы 49 долбоор каржыланды:
Ысык-Көл районунун 11 объектисине 11,0 млн сом;
Түп районундагы 10 объектиге 15,9 млн сом;
Ак-Суу району - 10 объектисине 26,8 млн сом;
Тоң району - 5 объектисине 3,5 млн сом;
Жети-Өгүз району - 4 объектисине 3,5 млн сом;
Балыкчы шаарынын 3 объектисине 6,6 млн сом;
Каракол шаары - 6 объектиге 6,8 млн сом;
Анын ичинен:
17 мектепке – 18,4 млн сом;
2 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 4,6 млн сом;
9 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 22,9 млн сом;
3 спорттук курулуштар – 3,4 млн сом;
8 маданий маанидеги объектилерге- 11,1 млн сом;
10 бала бакчага – 13,7 млн сом бөлүндү.