akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-28-04, 11:00

    Исаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетти

    Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

    Мындан ары Исаева депутат катары ишин уланта берет.

    Эскерте кетсек, Жамиля Исаева "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.


    Тектеш материалды окуу