Жарыяланган
2025-28-04, 15:49Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылындагы мотор майлары сакталган кампада салыктык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кампадан акциздик маркасы жок 23 миң 111 литр мотор майы аныкталган. Анын баасы 3 млн 222.6 мин сомду түзөт.
Бул фактыга байланыштуу тиешелүү документтер толтурулуп, мыйзамга ылайык иликтөө жүргүзүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.