Унаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттик майдагы эс алуу күндөрү иштөө тартиби өзгөрө турганын билдирет.
Мыйзам боюнча өлкөдө 1нен 9-майга чейин майрам жана эс алуу күндөрү болгондуктан, аталган күндөрү агенттиктин бардык бөлүмдөрү иштебейт.
10-11-майда (алтынчы жана базар күнү) мекеменин айрым бөлүмдөрү иштейт:
- Бишкек шаардык бөлүмү (дареги: Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү 2, «Аю Гранд Комфорт» соода үйү), саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт.
- Чыгыш бөлүмү (дареги: Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү 2а), саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт.
- «Биримдик 24» (Бишкек шаары, «Биримдик-Кут» конушу, 11-көчө 180/1), күнү-түнү иштейт.
- Аймактар аралык бөлүм (Чүй облусу, Военно-Антоновка айылы, «Риом-Авто» унаа базары), саат 08:30дан 01:00го чейин иштейт.
- Ош аймактык бөлүм (Ош шаары, Навои көчөсү), күнү-түнү иштейт.
- Ош-2 (Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү 168), саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт.
- Жалал-Абад аймактык бөлүмү (Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү 32), саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт.
12-майда агенттиктин бардык бөлүмдөрү ишин жандантат.