Жарыяланган
2025-28-04, 18:59Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана «Нур&Ай Компани» ЖЧКсынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган агенттиктин директору А.Т. (Алмаз Токтогулов – ред.) мыйзамсыз ишин калкалаган деп шектелүүдө.
2023-жылы «Нур&Ай Компани» ЖЧКсы этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланган атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесине киргизилип, ага ылайык «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынан этил спиртин акциз салыгын төлөбөстөн квота боюнча сатып алууга мүмкүндүк алган.
Жыйынтыгында Нур&Ай компаниясынын жетекчиси Т.Р. белгилүү бир акчалай сыйлыкка агенттиктин директору Токтогуловдун колдоосуна ээ болуп, сатып алган спиртти Бишкекте жана Чүйдө бир адамдарга (өз багыты боюнча эмес) саткан.
"Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Ал экөө 24-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.