akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-26-01, 09:19

    Ири партиядагы контрафакттык энергетикалык суусундук аныкталды

    Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Дордой Моторс" базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты.

    Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды. Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон.

    Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык төлөнгөн эмес, бул өлкөгө контрабандалык жол менен ташып келингендигин тастыктайт.

    Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


    Тектеш материалды окуу