akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-17-07, 03:37

    Кыргызстанда электрондук түрдө 105,5 миң бала мектепке катталды

    Быйыл 8-апрелден 16-июлга карата балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына республика боюнча 105 миң 517 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

    Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

    • Ош облусу – 19 126 бала катталды;
    • Жалал-Абад облусу – 18 965;
    • Чүй облусу – 17 590;
    • Баткен облусу – 10 388;
    • Ысык-Көл облусу – 8182; 
    • Нарын облусу – 4805; 
    • Талас облусу – 4372; 
    • Бишкек шаары – 15 993; 
    • Ош шаары – 6096.

    Учурда анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.

    Каттоо 30-августка чейин созулуп, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.


    Тектеш материалды окуу