Жарыяланган
2022-14-04, 03:15Өлкөдө ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүндө белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын улуу муундагы калкынын жарымы, тагыраагы, 56,2% ашыкча салмактан же семирүүдөн жабыркап келет. Бул көрсөткүч эркектерге караганда аялдарда жогору.
Калктын төрттөн бир бөлүгү (23,1%) семиздиктен жабыркаса, мында эркектерге караганда аялдардын үлүшү жогору.