Жарыяланган
2025-18-02, 10:25Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелерди өрт коопсуздугу боюнча пландан тышкары күчөтүлгөн текшерүү баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн натыйжасында жазма буйруктар берилүүдө.
Анын аткарылышына 3 күндөн 30 күнгө чейин убакыт берилет. Талап аткарылбаган учурда 23 миң сом айып пул салынат.