akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-20-02, 14:45

    ӨКМ: Улуттук хирургия борбору өрт коопсуздук талабына жооп бербейт

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун текшерип, оорукананын негизги имараттары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталганын билдирди.

    Маселени жөнгө салуу үчүн  бир ай убакыт берилди.

    Белгиленгендей, Министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасынын негизинде республика боюнча саламаттык сактоо мекемелеринде күчөтүлгөн текшерүүлөр жүрүүдө.

    "Ири материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн ӨКМ адистери алгач өрт коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу