Жарыяланган
2025-25-02, 08:14Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда жана соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Астанада болгон жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу сооданын көлөмү 1 миллиард 340 миллион долларды түздү, деп белгиледи Адылбек Касымалиев бул көрсөткүчтөр эки тараптуу мамилелердин оң динамикасынан кабар берет.
"Бул көрсөткүчтөр бизге белгилүү өлчөмдө оптимизмди берет, өзгөчө мамлекет башчылары тарабынан 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүү максатынын контекстинде. Ошондой эле, 2024-жылдын тогуз айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 миллион доллар инвестиция салышкан", - деди ал.
Инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо үчүн тараптар өткөн жылы инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюшкан. Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул демилгелер эки тараптуу экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүү потенциалын тастыктайт.
Соода жана инвестициядан тышкары Кыргызстан менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин, ЖККУнун, ШКУнун, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка аймактык түзүмдөрдүн алкагында активдүү өз ара аракеттенишүүдө.
"Бул форматтар биздин өлкөлөргө стабилдүүлүктү камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү жана мамлекеттердин эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөө боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.