Жарыяланган
2024-10-10, 12:16Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Айылды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алышты. Келишимге 2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтондо кол коюлган.
Долбоор айыл жерлерин суу менен камсыздоо жана канализация системасын жакшыртууга багытталган. Тактап айтканда, Ош жана Ысык-Көл облустарында жаңы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын куруу жана иштеп жатканын реабилитациялоо, санитардык шарттарды жакшыртуу жана жергиликтүү тазалоочу курулмаларды орнотуу пландаштырылууда. Долбоор 11 калктуу конушту камтыйт жана көп кабаттуу үйлөрдүн канализациясын курууну көздөйт.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан кошумча каржылоонун суммасы 7,64 миллион долларды түзөт. Насыя 50 жылдык мөөнөткө 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен жана 0% пайыздык чен менен берилет.