Жарыяланган
2025-29-01, 15:00"Миң-Түркүн" компаниясы облигацияларын төлөө маселесин чече элек. Депутат Дастан Бекешев билдиргендей, бул көйгөй бир нече убакыттан бери көтөрүлүп келатат.
"Элди 50 миң сом карызы үчүн камап жатышат, бирок бул жерде сөз бир топ чоң суммалар жөнүндө болуп жатат. Бирок маселе дагы эле чечиле элек", - деп белгиледи депутат.
Финансылык көзөмөл органынын жетекчиси Марат Пирназаров да кырдаалга токтолуп, "Миң-Түркүндүн" дарегине көп жолу кат келгенин белгиледи.
"Биз укук коргоо органдары менен иштешип жатабыз, жакында жыйынтык болот", - деди ал.
Эске салсак, облигацияларды төлөөгө байланыштуу кыйынчылыктар аталган компанияда 2022-жылы эле башталган.