akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-15-08, 03:26

    Улуттук банк «Брент моней» акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын токтотту

    Улуттук банк "Брент моней" ЖЧКсы акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

    Ишмердүүлүктү токтотууга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.

    2023-жылдын 2-августунда 6561 номери менен берилген лицензиянын ишмердүүлүгү 2024-жылдын 14-августунан 28-августуна чейин токтотулат.

    Эскерте кетсек, алмашуу бюросу Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 119, 11-кабинетте жайгашкан.